Уважаемые соотечественники,

рады сообщить, что скоро стартует совместный проект врачей (из Германии, Австрии, России, а также других стран Европы) и IT-специалистов из Германии в оказании онлайн-консилиумов и онлайн-консулътаций в поддержку наших коллег и населения в Кыргызстане в борьбе с коронавирусом. Для полной реализации данного проекта нам нужно подключить еще больше врачей со всего Мира, а также нужны волонтеры и средний медицинский персонал. Просим о максимальном репосте врачам и мед. сестрам/братьям, которые находятся за рубежом и могут подключиться к проекту, и тем самым сделать свой вклад в борьбе с коронавирусом в Кыргызстане!

Задачи проекта:
— ежедневно проводить консилиумы с врачами в Кыргызстане, обсуждать лечение конкретных пациентов и делиться своим международным опытом

— ежедневно проводить онлайн-консультации с населением, которые не могут попасть в больницу либо к врачам и занимаются самолечением. Это необходимо для предупреждения осложнений от самолечения.

— проведение вебинаров по лечению Covid-пациентов

— на едином сайте будут собрана полезная информация, ссылки, видео.

С уважением,
инициативная группа врачей из Европы,
Kyrgyz-German IT Community,
KyrgyzNetwork,
KyrgyzClub-Germany

Урматтуу мекендештер,

Кыргызстандагы врач кесиптештерибизди колдоо жана COVID-пациенттер менен иштешүүдө көмөктөшүү үчүн, жакында дүйнөдөгү врачтардын башын кошкон (учурда мисалы Германиядан, Австриядан, Россиядан жана дагы Европа өлкөлөрүнөн бар) Германиядагы IT адистеринин колдоосу менен чоң проект иштеп баштайт. Бул проектте Кыргыз өлкөсүндөгү коронавируска каршы күрөшүү үчүн пациенттерге онлайн-консультация, врач кесиптештерибиз менен онлайн-консилиумдар өткөрүлөт. Бул проектти ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бүт дүйнө жүзүндөгү врачтарды, атайын медициналык кесиптик билими бар баардык адистерди волонтёрлордукка чакырабыз. Бул кайрылууну баардык врачтарга, медициналык билими бар баардык жарандарга (медсестра, медбрат, мед. ассистент ж. б.) бөлүшүп коюңуздар. Чет жердеги кесиптештирибиз менен биргеликте, баaрыбыз өз салымыбызды кошуп, Мекенибиздеги коронавирус илдетин чогуу жеңели!

Проекттин негизги максаттары:
— күн сайын Кыргызстандагы врачтар менен консилиум (кеңешме) өткөрүп, абалы оордошкон пациенттердин дарылоосуна кеңеш берип, эл-аралык тажрыйбалардан бөлүшүү

— күн сайын ооруга чалдыккан, бирок ооруканага же врачтын көзөмөлүнө алына албай калган эл менен онлайн-консультация өткөрүү. Алар буга чейин өзүн-өзү дарылап жаткан болсо дагы, туура маалымат жана профессионалдуу кеңеш берүү аркылуу, пациенттин абалы оорлошуп кетпесине кам көрүү

— COVID-пациенттерди дарылоо боюнча вебинарларды өткөрүү

— баардык керектүү маалыматтар, шилтемелер жана видеолор атайын уюштурулган маалымат порталга жүктөлөт

Сиздерди терең урматтап,
Европадагы врачтардын тобу,
Kyrgyz-German IT Community,
KyrgyzNetwork,
KyrgyzClub-Germany